Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:26

Зилзала болгон Гаитиге алгачкы жардам келди


Гуманитардык жүк салган алгачкы учактар Кариб деңизиндеги аралда жайгашкан бул өлкөнүн борбору Порт-о-Пренске келип конду. Күчү жети баллга чейин жеткен зилзала жергиликтүү убакыт боюнча шейшемби күнү түштөн кийин, Бишкек убактысы боюнча шаршембинин таңында болгон эле. Ураган имараттар астында канча адам калганы азырынча толук белгисиз. Өлгөндөрдүн саны оң миңдеп кетиши мүмкүн деп эсептелинүүдө. Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү куткаруучуларды, дарыгерлерди, керектүү буюм-тайымдарды жөнөтүүнү убада кылды. АКШ президенти Барак Обама колдо бар жардамдын баары көргөзүлөрүн айтты:

- Адам өмүрлөрүн сактап калуу үчүн администрацияма ыкчам, координацияланган аракет көрүүнү буйрудум. Гаитинин эли АКШдан толук колдоо алат. Урандылардын алдында калган адамдарды куткаруу, гаитиликтер муктаж болгон гуманитардык жардам, азык-түлүк, таза суу, дары-дармек жагынан көмөк көргөзөбүз.

Эл аралык Кызыл чырым уюмунун эсебине караганда, Гаити калкынын үчтөр бир бөлүгү же 3 миллиондой киши чукул жардамга муктаж. БУУнун башкатчысы Пан Ги Мундун билдиргенине караганда, уюмдун чукул кырдаалдар боюнча корунан Гаитиге 10 миллион доллар ажыратылат.

XS
SM
MD
LG