Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:47

С.Аргынбаев Консоттун төрайымына кайрылды


Бүгүн Петровка окуясы боюнча айыпталып жаткан укук коргоочу Сапар Аргынбаев соттук тыныгууда телефон аркылуу “Азаттык” менен байланышып, Конституциялык соттун төрайымы Светлана Сыдыковага кайрылуу сөзүн айтты. Анда, “ Светлана Сыдыкованын колунда элдин тагдыры, Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү долбооруна корутунду турат. Светлана Калдарбековна, сиз мурда 2005-жылы март айында он кишинин алдында уят болсоңуз, азыр Баш мыйзамга Консоттун корутундусун чыгарсаңыз жалпы кыргыз элинин алдында уят болосуз. Ошондуктан азыр силерге парламент тарабынан сунушталган Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү долбоорунан баш тартыңыз. Кыргызстан эң чоң коркунучта турат”,-деп айтылат. Ал ошондой эле 2005-жылы 23-мартта Светлана Сыдыкова Москва райсоту болуп иштеп турганда Сапар Аргынбаев менен Уран Рыскуловду 15 күнгө абакка камоо чечимин чыгарып, эртеси 24-мартта саат 15-30 келип экөөнү камактан бошотуп, моралдык чыгымы үчүн экөөнө алты миң сомдон акча бергенин белгиледи. (A J)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG