Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:50

Алайда жол тоскондор күч менен таркатыла баштады


“Азаттыктын” кабарчысы Жанарбек Акаевдин маалымдоосуна караганда, саат 17:35ден баштап Ош-Эркечтам жолун тоскондор күч менен таркатыла баштады. Бул үчүн милициянын жүздөн ашуун атайын багыттагы жоокерлери келди. Ош-Эркечтам жолун 300-400дөй киши эки саат мурун тоскон эле. Алар Исмаил Исаковдун боштондугун талап кылып жатышкан. Жолго ондогон автоунаалар топтоло баштаган.Акыркы маалыматтар боюнча жолду тосуп турган аялдар көчөгө сүрүп ыргытылып, жол ачылды. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG