Сопу-Коргондо нааразылык акциясына чыккан элди укук коргоо органдарынын кызматкерлери “эртең келгиле сүйлөшөбүз”,-деп таратып жиберип, алар кеткенден кийин эки автобус менен 30га чукул милиция кызматкерлери келип төрт
боз үйдү чечип жатышат. Боз үйдү кайтарып калышкан он чакты адам боз үйдүн уук-керегесин сындырбай чечүүсүн өтүндү. Бул тууралуу окуя болгон жерден “Азаттыктын” кабарчысы Жанар Акаев билдирди. Анын айтымында, нааразылык акциясына чыккандар эртең бүгүнкүдөн дагы көп чогулуп келишерин билдиришкен. Ушул тапта Сопу-Коргондо сууктун күчү -15 даражадан ашат. (AJ)