Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:11

Расмий Москва Грузияны айыптады


Орусия кошуна Грузияда машыккан исламчыл согушкерлер Чеченстан жана ага чектеш аймактарда кол салууларды ишке ашырып жатышат деп ырастоодо. Буга чейин орус расмий адамдары Түндүк Кавказ жумурияттарындагы зомбулуктун күчөшүнө чет өлкөлөр акчалай жардам беришүүдө деп айтып келишсе, эми болсо РИА агенттиги орус ички иштер министринин орун басары Аркадий Еделевге шилтеме жасап, ошол жоочулар Грузиядагы базаларда даярдыктан өтүүдө деп кабарлады. Агенттик тараткан маалыматка ылайык, Еделев грузин өкмөтүн түздөн түз айыптаган жок. Буга чейин Москва чечен козголоңчуларын араб согушкерлери машыктырууда деп айыптап жүргөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG