Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:45

Эларалык Олимпиада комитети допинг менен күрөшүүгө даяр


Эларалык Олимпиада комитетинин төрагасы Жак Рог Ванкувердеги кышкы Олимпиадада допинг колдонууга бөгөт коюу үчүн катуу чаралар көрүлөт деп ишендирди. Оюндар эмки айда башталууда. Рогдун айтымында, комитет спортчуларды мелдештен тышкаркы текшерүүдөн да өткөрүп, ошол эле маалда жаңы стратегияны колдонмокчу. Андан тышкары допингге каршы күрөштө Канаданын өкмөтү да жардам бериши ыктымал. 4 жыл илгери Турин оюндары маалында жергиликтүү полиция Олимпиада кыштагында рейд өткөрүп, Австриянын командасынан тыюу салынган заттарды тапкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG