Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

Сопу-Коргонду милиция кайтарууга алды


Нааразылык иш-чарасы өтүп жаткан жерде жүргөн кабарчыбыз Жанар Акаевдин кабарлаганына караганда атайын даярдыктагы 100гө чукул милиция кызматкерлери түнү менен кетпей, акция өтүп жаткан жерди кайтарып чыкты. Мындан тышкары айрым милиция кызматкерлери үймө-үй кыдырып, нааразылык акциясына катышкан адамдарга “мыйзам бузуп жаткандыгын” эскерип кетишкен. Такталбаган маалыматтарга караганда Сопу-Коргонго атайын даярдыктагы отряд Оштон алып барылган. Бул маалыматтарды Алай райондук ички иштер бөлүмү четке кагууда.
И. Исаковдун тарапкерлери болсо нааразылык иш-чарасы бүгүн да улантыларын билдирип жатышат. И. Исаковдун камактан чыгарылышын талап кылган төрт киши ачкачылык акциясын улантышты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG