Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:08

ИИМ: А. Саиповдун өлүмү боюнча дагы бир “шектүү” кармалды


ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча кыргыз жана тажик милициясынын аракети менен А. Саиповдун өлүмүнө Тажикстандын Кожент шаарынын тургуну Фарух Шарахматуллаев деген атуулдун тиешеси бардыгы аныкталган. Маалыматта айтылгандай А. Саиповду өлтүргөн деген айып тагылган Абдуфарит Расулов Ф. Шарахматуллаевден тапанча алганын мойнуна алган. Кечээ тажикстандык кесиптештери Ф. Шарахматуллаев кармалганы боюнча маалыматты КР ИИМге маалымдашкан. Ушул тапта аны Кыргызстанга алып келүү маселелери чечилүүнүн үстүндө.

Көз карандысыз журналист, “Сиесат” басылмасынын редактору Алишер Саипов 2007-жылы 24-октябрда Ош шаарынын борбордук көчөлөрүнүн биринде атылып өлтүрүлгөн. А. Расуловдун милиция жана сот тарабынан анын өлүмүнө күнөөлүү деп айыпталып жатышын А. Саиповдун жакындары туура эмес деп эсептешет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG