Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:21

Кыргыз хоккейчилери Азия Олимпиадасына жолдомо алды


Бул тууралуу Кыргызстандагы Хоккей федерациясынын башчысы Мурат Жакыпов бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандын курама командасы 2011-жылы Астана шаарында өтө турган VII олимпиадага катышат. “Тоолуктардын хоккейи жаш болгон менен бир канча республикалык турнирлерге катышып, келечеги бар экенин көргөзүп келе жатат. Өткөн он жыл ичинде бир канча жаңы командалар түзүлдү”, - дейт М. Жакыпов. Маалым болгондой, аталган федерация 2010-жылдын январь айынын этегинде Нарындагы “Шортон” муз аянтында кезектеги республикалык турнирге даярдык көрүп жатат. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG