Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:21

Украинада шайлоо кампаниясы аягына чыгып калды


17-январда – жекшемби күнү Украинада президенттик шайлоо өтөт. Ага байланыштуу үгүт кампаниясы бүгүн аяктады. Сурамжылоолордун жыйынтыгы боюнча эки талапкердин бирөө – азыркы премьер-министр Юлия Тимошенко же мурдагы премьер-министр Виктор Янукович президент болууга шанчы бар. Ал эми 2004-жылдагы саргылт ыңкылаптын арты менен президент болгон азыркы президент Виктор Ющенко ушуну менен бийлик сересинен кетиши ыктымал. Тимошенко да, Янукович дагы батышчыл Виктор Ющенконун тушунда Орусия менен сууй түшкөн мамилени кайра жандантууга убада берип жатышат. Президент ким болбосун өтө оор абалдагы экономиканы көтөрүшү керек. Украинанын келечегин бул шайлоодо орус тилдүү калк жашаган өлкөнүн чыгышы чечет деп жатышат. Ал жактагылар ошол жерде туулган өз баласы Виктор Януковичти колдошмокчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG