Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:13

А. Жекшенкуловдун соту февраль айына жылдырылды


Мындай чечимди Биринчи май райондук соту бүгүн соттук жарянга катышуучулардын биринин атасы каза болгондугуна байланыштуу чыгарды. Соттун улам жылып жатканын саясат талдоочу Жыргалбек Турдукожоев азыркы саясий кырдаалга байланыштырууда. “Бийлик өкүлдөрү ансыз да элдин нааразылыгы күчөп турган маалда, А.Жекшенкуловду да соттоп жагдайды курчутпайлы деп жатышат”, - деп билдирди ал “Азаттыкка”.

Маалым болгондой, мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов министр кезинде Кытай грантын пайдаланууда кемчилик кетирген, анын сыйлыкка алган тапанчасы менен Таласта түрк ишкери атып өлтүрүлгөн деп айыпталууда. Жекшенкулов айыптарды четке кагып, оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн куугунтукка алынып жатканын билдирип келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG