Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:46

Гаитиде 300 миң адам там-ташы жок көчөдө калды


12-январдагы жер титирөөдөн оңоло албай жаткан Гаитиге дүйнө коомчулугу берген жардам жетпей жатат. Анткени жарды мамлекеттин булуңдары менен аба майдандары тар болуп, чет мамлекеттен келген жүктөрдү кабыл ала албай жатат. Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын маалыматы боюнча ачка калган адамдар 15 тонна тамак-аш турган кампага кол салып, карактай башташты. Дагы жер титирөө болуп кетишинен корккон миңдеген адамдар көчөдө адамдардын өлүктөрүнүн жанында борбор шаар Порт-о-Пренсте түнөп чыгышты. Кызыл чырым уюмунунун маалыматтары боюнча күчү 7 баллдык жер титирөөдөн 50 миңдей адамдын каза таап, дагы 300 миң адам там-ташы жок көчөдө калды. АКШнын президенти Барак Обама 100 млн. доллар жардам берилет деп билдирди. Гаитиге дагы 30дай мамлекеттер жардам берүү иштерин жасап жатышат.

XS
SM
MD
LG