Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Түп РИИБинин башчысынын орун басары пара алганы үчүн кармалды


Түп райондук коопсуздук кызматы райондун ИИБинин башчысынын орун басары Алымбек Өмүралиевди 14-январда эсептешүү-сактык кассасынын жанынан кармап кеткени маалымдалды. ИИБнин башчысы Эрнесет Дуйшембаев орун басары Өмүралиев эмгек өргүүсүндө болгондуктан кызмат учурунда кармалган жок деп билдирди. Пара алган деген айып менен кармалган Алымбек Өмүралиев милициянын подпоковниги, ИИБда кылмыш иликтөө боюнча жетекчинин орун басары кызматын аркалайт. Учурда Өмүралиев каякта кармалып атканы боюнча облустук коопсуздук кызматы маалымат берүүдөн баш тартты. (RB)

XS
SM
MD
LG