Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:13

Милиция бөлүмдөрү үчүн социологиялык сурамжылоо таратылды


ИИМдин Илимий изилдөө борбору милиция бөлүмдөрү үчүн социологиялык сурамжылоо таратууда. Анын максаты милиция бөлүмдөрүнүн ишин жергиликтүү тургундар тарабынан баалоо болуп саналат. Жарандар атайын түзүлгөн суроолорго жооп берүү менен тартип коргоо органдарынын ишине баа беришет. Борбордун башчысы Шамшыбек Мамыровдун айтуусунда, өлкө эгемендигинин алгачкы он беш жылында тартип коргоо органдарында иш олдоксон, туура эмес багытта жүргузүлгөн. Айрыкча кийинки эки жылдан бери ИИМдеги кабыл алынган мыйзамдар эң оболу адам укугун коргоо багытталган. Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасы Кыргызстанда 2009-жылдагы адам өнүгүшү боюнча улуттук баяндама жарыялап, ал өлкөдөгү жаштар абалына арналган. Анда жаштардын көпчүлүк бөлүгү милиция кызматкерлерине ишенбей турганы аныкталган. (GA)
XS
SM
MD
LG