Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:31

Токмоктогу сүт өндүрүүчү ишкана иш орундарды көбөйттү


Бул туурасында облустук администрациянын өндүрүш тармактар бөлүмүнүн башчысынын орун басары Айбек Кулубаев бүгүн “Азаттыкка” кабарлады. Маалыматка ылайык, Токмок шаарындагы сүт азыктарын чыгаруучу “Элимай” ААКсында буга чейин 580 адам эмгектенип келген болсо, эми жумушчу орундары 70 адамга көбөйөт. Себеби ишкана жакынкы күндөрдөн баштап сүт азыктарын узак убакытка сактоочу кутуларга чыгара баштайт. Сүт азыктарынын бардык түрүн чыгарган өндүрүштүн Чүй жана Ысык-Көл аймактарында бир нече сүт кабыл алуучу бөлүмдөрү бар. 1974-жылы ачылган бул ишкананын учурдагы кожоюндары казак ишкерлери болуп эсептелет. (JJ)

XS
SM
MD
LG