Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:48

Бишкекте ачкачылык кармагандардын төртөө акцияны токтотту


Мурдагы коргоо министри И.Исаковду колдоп, мөөнөтсүз ачкачылык жарыялагандардын төртөө: Б. Кыштообаев, А. Турганбаева, Д. Шадыбеков жана Б. Турганбаева ден соолуктарынын кескин начарлап кеткендигине байланыштуу акцияны токтотууга мажбур болушту. Бул тууралуу “Ата Мекен” партиясынын тең төрагасы, ачкачылык кармагандардын ден соолугуна көз салып турган дарыгер Ташболот Балтабаев билдирди.

Ачкачылык кармагандар республиканын дээрлик бардык аймактарынан келишкен. Акциянын катышуучуларынан оппозициялык кыймылдардын, бейөкмөт уюмдардын, маалымат каражаттарынын өкүлдөрү такай кабар алышууда. (GA)

XS
SM
MD
LG