Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:25

И. Исаковдун каршылык акциясына чыккан жердештерин милиция коркутууда


Алай районундагы Аскалы кыштагынын тургуну Марат Жакыпов “Азаттыкка” кабарлашынча, беш-алты милиция айылды кыдырып, мурунку коргоо министринин абактан бошотулушун талап кылган жердештерине түшүнүк кат жаздыртып, буга көнбөгөндөрдү “Ошко алып барып камайбыз!” деп опузалоодо. Бир нече жигитти кармоого аракеттенишкенде, Аскалыдагы аялдар ажыратып калышкан. Ош облустук ички иштер башкармалыгы 14-январда Исаковдун тарапкерлери Ош-Эркеч-Там автожолун тоскон факты боюнча кылмыш иши козголгондугун, Алайда жүргөн тергөөчүлөр окуяны териштирип жаткандыгын билдирип, “акциянын катышуучуларына кысым болуп жатат” деген маалыматты четке кагууда. (ATo)

XS
SM
MD
LG