Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:23

Эртең ачкачылык кармагандар кайрылуу жасашат


Бул тууралуу Бишкектеги ачкачылык кармагандардын жетекчиси Топчубек Тургуналиев “Азаттыкка” билдирди. Бишкекте жана Алайдын Сопу-Корон айылында ачкачылык кармап отургандар жалпы элге, эл аралык коомчулукка, президентке ачык кайрылуу жолдошмокчу. Т.Тургуналиевдин айтымында, кайрылууда президентке “саясий террорду токтот!”, “саясий туткундарды бошот!” деген сыяктуу талаптар коюлат. Ошондой эле эл аралык коомчулукту Кыргызстандагы абалга кайдыгер карабоого чакырышат. Кыргызстандыктарга болсо “чыгаан уулдарыңарды коргоп алгыла!” деген үндөөлөр жасалмакчы. Кайрылуу - эртең, Бишкек шаарында 14 00дө өтө турчу маалымат жыйында айтылат. (IJz)

XS
SM
MD
LG