Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:21

Алайда ачкачылык акциясы уланууда


Бул тууралуу “Азаттыкка” камактагы генерал Исмаил Исаковдун карындашы Элмира Турганбаева билдирди. Анын айтымында, Сопу-Коргон айылында бүгүнкү күнү тогуз адам ачкачылык кармап отурушат. Буга чейин беш адам ден-соолуктары начарлап, кан басымдары кескин жогорулап кеткендиктен үйлөрүнө жөнөтүлдү.

Ошондой эле Э.Турганбаеванын айтымында, ушул тапта Сопу-Коргондо ИИМдин атайын бөлүктөрүнүн кызматкерлери, милиция кызматкерлери көп жүрөт жана элдерге жол тосуу сыяктуу иш-чараларга катышпоо тууралуу эскертүүлөрдү беришүүдө.

Алай райондук Ички иштер бөлүмүнүн башчысы Равшан Сырбаев болсо Алайдагы жол тосуу фактысы боюнча гана кылмыш иши козголгонун, ушул тапта тергөө жүрүп атканын, милиция мыйзам чегинде гана иш алып барып атканын билдирди. (IJz)

XS
SM
MD
LG