Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:15

Норвегиядан бактысын тапкан Назгүл Аманова-Снеквик


Назгүл Аманова-Снеквик айым "Азаттык үналгысынын" Прагадагы баш кеңсесинде. 2010-жылдын январы (үчтүн айы).
Назгүл Аманова-Снеквик айым "Азаттык үналгысынын" Прагадагы баш кеңсесинде. 2010-жылдын январы (үчтүн айы).

Норвегиянын Тронхем шаарында 6 жылдан бери жашап келаткан кыргызстандык Назгүл Аманова-Снеквик (Nazgul Amanova-Snekvik) Норвегия менен Кыргызстандын окшоштук жана айырмачылыктары тууралу ой бөлүштү.

- Назгүл, Кыргызстан менен Норвегиянын ортосунда кандай айырмачылыктар менен окшоштуктарды байкай алдыңыз?

- Эгер салыштырсак, Кыргызстандын да, Норвегиянын дагы жаратылыштары өтө кооз. Ал эми саясий, социалдык-экономикалык жагын салыштырсак, албетте Норвегия дүйнөдөгү бирден бир өнүккөн, бай мамлекеттердин катарында. Өзгөчө социалдык тейлөө, билим берүү жана маданий системалары жакшы иштейт.

- Норвегия эмненин эсебинен мындай бай, мыкты өлкөгө айланыптыр? Өнөр жайы өнүккөнбү же алтын кендери барбы?

- Мунай кендери менен.

- Кыргызстандагы оор көйгөйлөрдүн бири азыр коррупция болуп жатат. Бул жагынан Норвегияда абал кандай?

- Бул жагынан өтө чоң айырмачылыктар бар. Норвегияда эл мыйзамды сыйлап, ага баш ийишет. Албетте кээде айрым маалымат каражаттары ар кандай көз боёмочулуктар тууралу жазып калышат. Ал кемчиликтер дароо жоюлат. Бирок коррупциянын деңгээли өтө төмөн, жокко эсе.

- Ал эми Норвегиянын королун кармоого казынадан канча акча кетет экен?

- Мен, чындыгында, казынадан канча акча жумшалаарын билбейт экен, бирок, туура бизде падыша бар – Херальд VI жана анын жубайы Сония. Алар Ослодо – кансарайда жашашат. Бирок мамлекетти падыша (корол) эмес, премьер-министр башкарат. Быйыл жумушчулар партиясы шайлоодо утушка ээ болду, анын өкүлү катары Йенс Столтенберг эми мамлекетти 4 жыл жетектейт.

- Былтыр Евровидение сынагында Норвегиянын атынан чыккан Александр Рыбак жеңүүчү болгон эле. Эми быйылкы концертке Норвегияда даярдык кандай жүрүп жатат?

- Мына 2-3 күн мурда эле мен жашаган шаарда тандоо айлампасынын алкагында конкурстук сыноолор өттү. Албетте, баардык сыноолордон өткөн ырчы анан быйыл Норвегиянын атынан ырдамакчы. Бирок Евровидение кайсы шаарда өтөөрү азыр да белгисиз, анткени аны норвегиялыктар чече элек. Москвада болсо өтө чоң алкакта концерт болгон, Норвегия болсо мындай конкурска анчалык акча жумшабай турганын айтты.

- Евровидениеде жеңишке жеткенге чейин Александр Рыбак Норвегиянын өзүндө атак-даңкы бар, жакшы ырчы беле?

- Жок, ал музыканттардын үй-бүлөсүндө өскөн катардагы жигит болчу. Ата-энеси экөө тең музыканттар. Жанагы Евровидениеде аткарган ырын өзү жазып, алгач атасына сынаткан экен, атасы мындан ары улант деп кеңеш бериптир. Азыр болсо эми Рыбак өтө таанымал биздин «жылдызыбыз».

- Назгүл, үй-бүлөңүз тууралу айтып берсеңиз. Тагдырдын кайсы буйругу менен Норвегияда жашап калдыңыз?

- Буга чейин көп мамлекеттерде болдум, мен дүйнөнү кыдырганды жакшы көрөм. Жолдошумду болсо Кыргызстандан эле жолуктургам, анан анын ата-энеси менен таанышууга Норвегияга бардык. Алгач жаратылыш, аба ырайына, салт-санаа, тилине көнүш кыйын болду. Азыр болсо баары жакшы. Ишим бар, балдар чоңоюп жатышат.

- Кыргызстанга барганыңызда же Кыргызстан тууралу интернеттен маалымат алганда ал жактагы абал тууралу сизде кандай таасирлер болуп атат азыр?

- Негизи биз «Азаттык» үналгысын интернетте он-лайн режиминде угабыз. Мен негизи кыргыз тилинде мыкты сүйлөгөн адамдардын оозунан өзүмдүн эне тилимде маалыматтарды угууну аябай жакшы көрөм. Өз мамлекетиңден канчалык алыс жүрсөң дагы ушундай маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк түзүп аткан мындай радиого ырахмат. Өтө жаңы маалыматтарды күн сайын берип турасыздар. Эгер менин апам Кыргызстанда жашап туруп маалыматтарды албай калса, мен ага «Азаттыктан» уккандарымды айтып берип турам, апам менен ушундай «(интернеттик) системадабыз».

- А Кыргызстандагы абал тууралу кандай ойдосуз?

- Кыргызстан тууралу айтсам – биздин эскиден калган ой-жүгүртүүлөрдү, бир катар кечиликтерди жоюшубуз керек деп ойлойм. Албетте, тарыхыбызга да көп нерсе байланыштуу. Эми мындай карасаң – эгер жакшы жакка өзгөрүүнү, өнүгүүнү кааласак – коррупцияны, «ака-үка» системасын жоюшубуз керек. Анан мыйзамды сыйлоого үйрөнүшсөк жакшы болмок. Эгер адам өкмөткө кайрылса анын үмүтү акталгыдай болуш керек.

- Сөз аягында угармандарыбызга, кыргыз элине каалооңуз бардыр?

- Кыргыз элине ден соолук, ачык асман, анан кыргыз жеринде дайыма жакшылык болсун.

- Ырахмат.
XS
SM
MD
LG