Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:00

Ири мамлекеттер Иранга санкция киргизүүнү талкуулашты


Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешине туруктуу мүчө-мамлекеттердин расмий өкүлдөрү Нью-Йоркто жолугушушту. Бирок, Орусиянын өкүлү Сергей Рябковдун айтымында, Британия, Кытай, Франция, Орусия, АКШ жана Германия азырынча эч кандай чечим кабыл алыша элек.

Былтыр октябрда Тегеран өзүнүн өзөктүк программасы боюнча коркунучту азайтуу үчүн берилген сунушка көнбөй койгон. Дүйнөлүк лидер-мамлекеттер Иранга уранды өзүндө байытпай, Орусия менен Францияда байытылган уранды алууну сунуш этишкен эле. Байытылган уран атомдук бомба жасоодо да колдонулат. Батыш Тегеранды өзөктүк курал жасап жатат деп айыптап келатат. иран муну четке кагууда.

XS
SM
MD
LG