Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:49

Ооганстан: Өкмөт курала элек


Парламент эми 20-февралдан кийин гана чогулат
Парламент эми 20-февралдан кийин гана чогулат

Ооганстанда парламент жаңы өкмөттүн курамын толук бекитпей жатып, дүйшөмбүдө кышкы каникулга тарайт. Президент Хамид Карзай өкмөттүн курамын парламентке эки жолу сунуш кылды. Экөөндө тең депутаттар алардын көпчүлүгүн жактырбай коюшту. Бирок эки жолку шайлоодо Карзай өз өкмөтүнүн көпчүлүк мүчөлөрүн беките алды.

Ооган президенти Хамид Карзай жаңы өкмөткө сунуш кылган мүчөлөрдүн көпчүлүгүн парламент бул жолу да жактырбай койду. Жума күнү Карзай 17 адамды министрликке сунуш эткен. Жетөөсүнүн гана талапкердиги бекиди. Ошентип, буга чейинки шайлоодо бекилген министрлердин санын кошкондо, ооган өкмөтүнүн 24 мүчөсүнүн 14ү аныкталды.

Азырынча Карзай өз өкмөтүнө маанилүү делген министрликтердин башчыларын шайлай алды көрүнөт. Маселен, ички, тышкы иштер министрлеринин, коргоо, каржы, юстиция жана дин иштери боюнча министрлердин ысымдары белгилүү болуп калды.

Жума күнкү талкуудан кийин парламенттин төмөнкү палатасынын спикери Мухаммад Юнис Кануни: "Министрлик кызматтарга сунуш кылынган 17 адамдын ичинен жетөө депутаттардан жетиштүү добуш ала алышты. Тилекке каршы он адам мындай колдоого ээ болбоду", - деп айтты.

Карзай былтыр августтагы президенттик шайлоодо кайра өлкө башына келгенден бери эки жолу өкмөтүнүн курамын парламентке сунуштаган. Азырынча 10 министрликтин жетекчилигинин кызматы бош турат. Эми президент парламентке үчүнчү ирет кайрылышы керек. Бирок ал февралга калат окшойт. Анткени дүйшөмбүдөн тарта ооган парламенти кышкы каникулга тарайт.

28-январда Лондондо Ооганстан боюнча эларалык конференция болуш керек. Ага чейин президент өкмөттү толук курай албай турган болуп калды.

Министрликке көрсөтүлгөн үч аялдын бирөө гана – Амина Афзали гана – Эмгек жана социалдык иштер боюнча министр катары жактырылды.

Депутаттар өкмөттү эч эле беките албай жатышканын сунуш этилгендердин арасында буга чейин жикчилерге кызмат кылган талаа командирлери бар экени, же Карзайга былтыр августта кайра президент болгонго көмөк көрсөткөндөр аралашканы менен түшүндүрүшкөн.

Депутат Фоузай Кофи: "Азыр парламентке сунуш кылынган тизме, менин жеке оюмда, буга чейинкисине караганда, алсызыраак көрүндү. Буга эң оболу ушул тизмедеги адамдар президентке жакын кишилерден экени себеп болуп жатат. Алар - адам укуктарын бузуп, согуш кылмыштарына, коррупцияга жана баңги заттар менен бизнеске аралашканы үчүн айыпталган адамдар. Булар жетектейм деп жаткан министрликтер өзү ушул адамдарга каршы күрөшөт".

Президент Карзай болсо бул ирет депутаттардын сынына койгон адамдарынын жеке профессионалдык мүмкүнчүлүктөрүн эске алганын, андыктан парламентке көңүлү калып турганын билдирди. Бирок депутаттардын чечимин урматтай турганын айтты.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG