Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:58

Украинада президенттик шайлоонун 2-айлампасы болот


Алдын ала маалыматтарга караганда, Украинадагы президенттик шайлоонун 2-айлампасында Виктор Янукович менен Юлия Тимошенко беттешмекчи. Добуш берүүдөн кийинки сурамжылоого караганда, Януковичке шайлоочулардын 31,5 проценти, Тимошенкого - 27,2, Сергей Тихипкого – 13,5, Арсений Яценюка – 7,8, Виктор Ющенкого – 6 проценти ишеним көргөзгөн.

Тимошенко айым экинчи айлампада калган талапкерлердин колдоосун алуу үчүн сүйлөшүүлөрдү баштоого даярдыгын билдирди.

Өз кезегинде Янукович да шайлоодо жеңээрине ишенеерин айтты:

- Мага каршы добуш берген, азыркы өкмөттү колдогон шайлоочуларга кайрылып, мага чейинки жетекчиликтин каталарын кайталабайм деп айткым келет. Ар бир адамдын, ал кайда жашабасын, пикирин эске алуу абзел.

Шайлоонун экинчи айлампасы 7-февралда өткөрүлмөкчү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG