Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:18

Украинада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтөт


Шайлоонун 7- февралга белгиленүүчү экинчи айлампасына оппозиция лидери Виктор Янукович менен премьер- министр Юлия Тимошенко катышат. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын билдиргенине караганда, кечээги биринчи айлампадагы шайлоо бюллетендеринин 77%ы саналгандан кийинки маалымат боюнча Янукович добуштардын 35,8%, Тимошенко 24,6%ын алган. Үчүнчү орунга 13% добуш менен Улуттук банктын мурдагы төрагасы Сергей Тигипко чыкты. Ал эми бийликке 2004-жылы Роза ыңкылабынын натыйжасында келген Виктор Ющенкону бул ирээт шайлоочулардын 5%дайы эле колдогон.

Жекшемби күнкү добуш берүүдөн соң премье-министр Юлия Тимошенко шайлоодо жеңерине ишенип билдирип, экинчи айлампада колдоо алуу үчүн жарыштан чыккан талапкерлер менен сүйлөшөөрүн айтты. Ал эми оппозиция лидери Янкуович президенттикке шайланса, Тимошенконун жана азыркы өкмөттүн катачылыктарын кайталабоону убада кылды. Кечээги добуш берүүгө калктын 67%дайы катышкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG