Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:34

Ооган башкалаасы Кабул көзөмөл алдында


Бул тууралуу президент Хамид Карзай талиб согушкерлери деп шектелген адамдардын бүгүнкү чабуулунан соң билдирди. Ооган расмий өкүлдөрүнүн айтымында, шаардагы бүгүнкү атышуулар менен жарылуулардан он эки адам, алардын ичинде жети согушкер мерт болду, 70тен ашуун киши жаракат алды. Кол салуулар президенттик сарайга жана бир нече министрликтин имараттарына жакын жерде жасалды. Ал эми Талибандын билдиргенине караганда, бүгүнкү урушка жалпысынан 20дай согушкери жана анын ичинде бир нече жанкечти тартылган. Президент Хамид Карзай өкмөттүн айрым мүчөлөрү ант берип жаткан учурда орун алган кол салууну “террордук акт” катары мүнөздөдү:

-Террорчулар Кабулдун президенттик сарайга канатташ жайгашкан районуна кол салышты. Бул - Ооганстан коопсуздук жагынан тушугуп жаткан коркунучтардын бири гана. Ооганстан үчүн мындан да чоң коркунучтар бар жана ал мындан да чоң зыян алып келүүсү мүмкүн. Булар- Ооганстандын алдында турган ички жана тышкы коркунучтар.

Бүгүнкү атышуулар менен жарылуулардан соң Кабулда, бир нече имаратта өрт да чыккан.

XS
SM
MD
LG