Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:33

Акыйкатчы Сопу-Коргонго өкүлдөрүн жиберди


Турсунбек Акундун “Азаттыкка” билдиргени боюнча нааразылык иш-чарасы өтүп жаткан Сопу-Коргон айлынын тургундары Акыйкатчынын келип кетүүсүн өтүнгөн кат жиберишкен. Ага байланыштуу Акыйкатчынын кеңешчиси Н. Бекбердинов жана Нарындагы өкүлү Б. Рысбеков бүгүн түштөн кийин жөнөп кетти. Буга чейин Сопу-Коргонго Акыйкатчынын Оштогу өкүлдөрү барып, нааразылык акциясынын катышуучуларынын абалы менен таанышып келишкен.

И. Исаковдун боштондугун талап кылган акциянын катышуучулары нааразылык иш-чарасы өтүп жаткан жерге Акыйкатчыны, укук коргоочуларды, мамлекет башчыны жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү келүүсүн талап кылып келишет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG