Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:42

Өндүрүш Токтоназаров милицияга чакырылды


“Азаттык” үналгысынын угармандар кыймылынын башчысы Өндүрүш Токтоназаровдун маалымдашынча, ага бүгүн Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан өзүн Улан деп деп тааныштырган кызматкер чалып аталган башкармалыкка келип кетүүгө чакырган. Буга анын 28-январда Улуттук телерадио корпорациясынын алдына "Азаттыктын" уктурулушун талап кылып нааразылык акция өткөрүүнү сурап Бишкек шаардык мэриясына жөнөткөн каты себеп болууда. Ө. Токтоназаров мэрияга кат жолдосо, ага кылмышкер катары милицияга чакыртылып жатышын укугуна шек келтирүү катары баалап жатат. “Азаттыктын” берүүлөрү УТРКдан уктурулбай калганына бир жылдан ашты. (EBM)

XS
SM
MD
LG