Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:18

Өзбек чек арачыларынын огунан бир кыргыз чек арачысы жарадар болду


Окуя Жалал-Абаддын Ноокен районундагы Момбеков айыл өкмөтүнүн жанындагы кыргыз-өзбек чегинде болгон. Ноокен районунун акими Үсөнбай Рыскуловдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, 17-январда саат 12ден 15 мүнөт өткөндө кыргыз аймагына куралдуу өтүп келген өзбек жоокерлери кыргыз чек арачыларына ок аткан. Натыйжада бутуна ок тийген бир кыргыз чек арачысын алар өз аймагына алып кетишкен . Чек ара тилкесинде турган өзбекстандык 15 киши да мекендештерине кошулуп,кыргыз жоокерлерин таш бараңга алышкан. Чек арада болгон мыйзамсыздыкты мойнуна алышканы менен өзбек тарап кыргыз жоокерин бир жарым күндөн бери кайтарып бере элек. (YA)

XS
SM
MD
LG