Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:50

Оппозициялык жаңы кыймыл түзүлдү


Жаңы кыймыл 1993-жылкы Конституцияны калыбына келтирүү демилгесин козгоодо
Жаңы кыймыл 1993-жылкы Конституцияны калыбына келтирүү демилгесин козгоодо

Оппозициялык “Элдик кеңеш” кыймылы түзүлүп, ал 1993-жылкы Конституцияны калыбына келтирип, улуттук идеянын айланасына баш кошуу ураанын көтөрүүдө. Кыймыл мүчөлөрү өлкөдө бийликти атадан балага өткөрүүгө шарт түзүлүп жатканын айтууда.

Бириккен элдик кыймылдын ичинен бөлүнүп чыккан жаңы саясий күчтүн өкүлдөрү Кыргызстанда Башмыйзам дагы өзгөртүлүп, бийликти атадан-балага өткөрүүгө шарт түзүлүп жатканын белгилешүүдө.

Атасынан баласынабы?

“Элдик кеңеш” катарына “Кыргызстанды сактоо” кыймылы кошулган. Анын төрагасы Мукар Чолпонбаевдин ырасташынча, ушу тапта оппозиция катарындагы саясий күчтөрдүн бир кыйласы ачык, калгандары жабык-жашырын иш жүргүзүүдө. Кыргызстанда коррупцияланган, криминал менен байланышкан үй-бүлөлүк башкаруу орноп, тоталитардык саясий режим пайда болду.

Мукар Чолпонбаев
миллионго жакын жаштардын чет жерде иштөөгө мажбур болуп жатышканын, кирешелүү ишканалардын көбү чет элдик ишкерлердин колуна өтүп кеткенин, электр, жылуулук бааларынын кескин көтөрүлүп, аны төлөөгө көпчүлүк элдин шарты жоктугун белгиледи. Башкаруу системасын жаңылоо аракети жеке бийликти чыңдоодон башкага жарабастыгына токтолду.

-14-декабрь 2009-жылы Жогорку Кеңешке Конституцияны кезектеги мыйзамсыз өзгөртүү сунушу болгон. Аны болсо Конституциялык сот кубаттап берди. Мындан аркысы эмне болот? Күтүлө турган нерсе жакын аранын ичинде парламент Конституцияга өзгөртүү киргизет дагы президенттик кеңешме түзүлүп, Кокон хандыгындай эле атасы баласына президенттик кызматты өткөрүүгө даярдык көрүлүп бүттү.
Кокон хандыгындай эле атасы баласына президенттик кызматты өткөрүүгө даярдык көрүлүп бүттүМ. Чолпонбаев

М.Чолпонбаев бийлик атадан-балага ийгиликтүү өткөндөн кийин президенттик, парламенттик шайлоо башталат, деп билдирди. Андайга жол бербеш үчүн 1993-жылкы Конституцияны кайтарып алуу зарылдыгы айтылды.

Жаңы кыймылдын аткаруу комитетинин төрагасы Асан Чурмуков бул ирет эл арасында үгүт иштерин үзгүлтүксүз жүргүзөрүн маалымдады.

- Бизде жеке дымак, бийликке келсек мындай оюбуз бар, тигиндей оюбуз бар дегенден алыспыз. “Элдик кеңеш” деген кыймылыбыздын өзү айтып турат, жалаң эл менен элдин кандай шартта жашап жатканын, кандай шартта отурганын, эмне тиричилик кылып отурганы менен биз күндө кабарлашпыз. Биз “Жиптерди” минбейбиз. Жөнөкөй элдерге окшоп маршруткаларда жүрөбүз.

Мурдагы президент баштаган мыйзамсыз аракеттер уланууда

«Элдик кеңештин» мүчөсү Роза Нурматова 1993-жылкы Конституцияны калыбына келтирүү ураанын көтөрүп жатышканын ырастап, жаңы кыймылдын өзгөчөлүгү катары мына буларды белгиледи.
Кыргыздын келечеги бычак мизинде турат деп, ошол идеянын тегерегинде биригип жатабыз.
Р. Нурматова

- Бир лидердин этегин кармап, бир лидердин тегерегинде уюшпастан, ошол идеянын тегерегинде, азыр кыргыздын кызыкчылыгы, партиянын же болбосо тигил-бул кыймылдын эмес, кыргыздын келечеги бычактын мизинде турат деп, бардыгыбыз ошо идеянын тегерегинде биригип жатабыз.

Мындан 17 жыл илгери «легендарлуу парламент» тарабынан кабыл алынган жаңы Конституция Кыргызстан акыйкатчысы Турсунбек Акундун ырасташынча, эл аралык экспертизадан өткөн.

- Милдеттенмелер бар да. Анан эл аралык стандарттарга туура келет. Анан Венеция комиссиясынын корутундусун алыш, бардык эле мыйзамдар аны ала албайт. 1993-жылкы, бая 5-майда кабыл алынган Конституцияга гана берилген. Андан кийинки Конституциялардын бирөөнүн да Венеция комиссиясынын корутундусу жок.

М.Чолпонбаев мурдагы президент А.Акаевдин мыйзам бузуп, Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча жалпы элдик референдумду чакырышка укугу жок эле деп эсептейт. Туңгуч президент жол салган мыйзамсыз аракеттер кийин да бир нече ирет кайталанып, анын логикалык жыйынтыгы катары мына эми Президенттик кеңеш институту түзүлүп, ал өз ишин жөндөй албай калган мамлекет башчысынын кызматын парламент төрагасы же өкмөт башчыга эмес, башка бирөөгө өткөрүп берүүгө укук алышы азыркы бийлик атаандаштарын кабатырга салууда.

XS
SM
MD
LG