Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:42

“Түндүкэлектронун” жаңы кожоюну аныктала элек


Бул тууралуу бул ишкананы менчиктештирүү боюнча өкмөттүк комиссиянын мүчөсү, мамлекеттик мүлк министрлигинин статс-катчысы Сүйөркул Бакиров билдирди. Анын айтымында, декабрь айынын соңунда болгон тендердин жеңүүчүсүн аныктоо боюнча өкмөттүк комиссия алгачкы жыйынын өткөрүп, анда “Түндүкэлектрону” сатып алууга кызыккан компаниялардын айрымдарынан кошумча маалыматты талап кылды. Ошондуктан азырынча жеңүүчү аныктала элек. Белгилүү болгондой “Түндүкэлектрону” менчиктештирүүгө орус, казак жана кыргызстандык, үч компания арыз берген. Ал эми “Ошэлектро”, “Чыгышэлектро” жана “Жалал-Абадэнергону” менчиктештирүү боюнча тендер 1-февралда соңуна чыгат.(AiT)

XS
SM
MD
LG