Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:09

Кыргызстандык чек арачыны өзбектер өткөрүп бере элек


Бул тууралуу Кыргызстан чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Чолпонбек Турусбеков бүгүн билдирди. Анын айтымында, 17-январда Ноокен районундагы Чек айылында кыргыз чек арачылары Кыргызстан жеринде жүргөн өзбек чек арачыларын байкап калган. Окуяны териштирүү маалында ондон ашуун өзбек жарандары кыргыз чек арачыларын таш менен ура баштаган. Өзбек чек арачысы ок чыгарып, бир ок кыргыз чек арачысынын сол бутуна жаңылган. Жарадар болгон жоокерди өзбек тарап өз аймагына алып кеткен. Ага медициналык жардам көрсөтүлгөн. Бирок ушул кезге чейин Кыргызстанга кайтарылып бериле элек. Окуя болгон жерден Кыргыз чек арачылары ондон ашуун гильза, окчонтой табышкан. (AiT)

XS
SM
MD
LG