Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:29

Пан Ги Мун Гаитидеги бейпилдик күчтөрүнүн санын көбөйтүүнү сунуштады


БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Коопсуздук кеңешине Гаитиге кошумча аскер жана полиция кызматкерлерин жиберүүнү сунуш кылды. Өлкөдөгү бейпилдик күчтөрүнүн саны ушу тапта 9 миңдей кишини түзөт.

- Коопсуздук кеңешине БУУнун полиция кызматкерлеринин санын 1 миң 500 кишиге, же азыркыдан 67 процентке көбөйтүүнү, ал эми аскерлердин санын 2 миң кишиге, же дээрлик 30 процентке көбөйтүүнү сунуш кылдым.

17-январда Баш катчы 7 баллдык жер титирөөдөн жапа чеккен Гаитиде болуп кеткен. Дүйшөмбүдө болсо БУУнун Гаитидиге атайын өкүлү Билл Клинтон аралга барды. Ошол эле күнү Европа биримдиги гуманитардык жана кайра куруу иштерине 575 миллион доллар ажыратууга убада берди. Европалыктар андан тышкары Гаитиге полициячыларын жөнөтүүнү караштырууда. Эларалык Кызыл чырым уюму болсо өлкөнүн борбор шаары Порт-о-Пренсте зомбулук жана талап-тоноо күчөп жатканын айтууда. Гуманитардык уюмдар элдин чыдамы кетип, ар кандай жаңжалдар күч алганын белгилешүүдө. Айрым божомолдорго ылайык, 12-январь күнкү зилзаладан өлгөн адамдардын саны 200 миңге жетиши ыктымал.

XS
SM
MD
LG