Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:58

“Кыргызгидромет”: Кар ашык өлчөмдө түштү


“Кыргызгидрометеорология” институтунан “Азаттыкка” маалымдашканы боюнча акыркы эки сутка ичинде жааган кар жаан-чачындын январь айында күтүлгөн өлчөмүнөн ашып түштү. Кардын эң калың жааган жери –түштүк аймак. 18-январь күнү Баткен, Жалал-Абат, Ош облустарына түшкөн кардын эң калың жааган жери 58 мм. ге чейин жетти. Эң аз өлчөмдө Нарында жаады, бул аймакта 18-январда түшкөн кардын калыңдыгы 6 мм. түздү. Синоптиктер айдын үчүнчү он күндүгүндө да кар жаашы күтүлүп жаткандыгын кабарлашууда. Бишкекте акыркы эки сутка ичинде 20 мм. чукул калыңдыктагы кар жаап, январь айына күтүлгөн жаан-чачындын 157% түздү.
18-январдан 19-январга оогон түнү абанын температурасы Чүйдө 25, Таласта 23, Бишкекте 21 даражага чейин төмөндөдү. Калган аймактар буларга салыштырмалуу бийигирээк даражада болду, деп кабарлашты синоптиктер “Азаттыкка”.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG