Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:52

Петровка чатагы боюнча сот уланууда


Ушул тапта Москва райондук маданият үйүнүн алдына чогулгандар соттун башталышын күтүп жатышат. Бүгүнкү соттук териштирүүдө күбөлөрдүн көрсөтмө берүүсү уланмакчы. Адвокат Азимбек Бекназаровдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча прокуратура күбөлөрдү сотко натыйжалуу алып келе албай жатканына байланыштуу бүгүн сотко адвокаттар өтүнүч келтиришмекчи: “Биз соттон териштирүүнү күбөлөрдү чакырып убара болбой эле андан ары улантууну жана кийин чечим чыгарарда алардын алдын ала тергөөдө берген көрсөтмөсүн негиз кылбай туруп, чыгарышын өтүнөбүз. Анткени буга чейин көрсөтмө берген күбөлөр тергөөдө айткандарын танышкан. Биз соттон ошондой эле Петровкада чатак болгон учурда массалык маалымат каражаттарына чагылдырылган материалдарды, видеотасмаларга алынган кадрларды териштирүүнүн күн тартибине киргизүүсүн да сурайбыз,”-дейт А. Бекназаров.

Буга чейинки бир катар соттук териштирүүлөр күбөлөр менен камсыз болбогондугуна байланыштуу кыска убакытка созулуп же артка жылдырылып келген.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG