Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:36

“Хизб-ут-Тахрир” уюмунун жактоочулары азайып жатат


Бул тууралуу “Дин, укук жана саясат” аналитикалык изилдөө борборунун деректири Кадыр Маликов билдирди. Анын айтымында, борбордун иликтөөсүнө ылайык, “Хизб-ут-Тахрир” уюму азыр каржы, идеология жактан жана уюштуруу иштеринде кризиске кептелүүдө. Партиянын ичинде каржыны бөлүштүрүү боюнча нааразычылыктар күчөп жатат, жөнөкөй мүчөлөрү аймактагы лидерлерди коррупцияга малынды деген айыптооолор күчөдү дейт, К. Маликов. Бул өз кезегинде идеологиялык жактан көңүл калууларды жаратууда. Адистин маалымдашынча, соңку убакта “Хизб-ут-Тахрир” уюмунан төрт жүзгө жакын мүчөсү чыгып кетти. Ички иштер министрлиги Кыргызстанда аталган уюмдун бир жарым миңдей активдүү өкүлү бар деп билдирген. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG