Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:03

Кыргызстанга орус өкмөтүнүн жогорку өкүлү келет


Бишкекке орус өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары Игорь Шуваловдун келерин “Азаттыкка” Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлү Виктор Харченко тастыктады. Орус өкмөтүнүн өкүлүнүн иш сапарынын программасы тууралуу, ким менен кандай жолугушууларды өткөрөрү жөнүндө кыргыз өкмөтү азырынча маалымдай элек. И. Шувалов кечээ Ташкентте болуп Өзбекстандын президенти Ислам Каримов менен жолугушкан. Былтыр Кыргызстанга күтүлбөгөн сапар менен расмий Москванын бир катар өкүлдөрү келип жабык жолугушууларды өткөрүп кетишкен. Жайында Бишкекте Орусиянын вице-премьери Игорь Сечин менен коргоо министри Анатолюй Сердюков болгон. Күзүндө орус президентинин администрация башчысы Сергей Нарышкин келип кеткен. Андан соң Орусиянын коопсуздук кеңешинин катчысы Николой Патрушев да келип жабык жолугушууларды өткөрүп кеткени маалым болгон. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG