Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:28

Ө.Токтоназаровду милиция акциядан баш тартууга үндөп жатат


“Азаттык” үналгысынын угармандар кыймылынын башчысы Өндүрүш Токтоназаровдун маалымдашынча, ал бүгүн Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгында коомдук көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Улан Рысбеков менен жолугушту. Жолугушууда У. Рысбеков Ө. Токтоназаровду 28-январда Улуттук телерадио корпорациясынын алдына белгиленген акциясынан баш тартууга үндөп, тушүнүк кат жазууну талап кылды. Ө. Токтоназаров акция өткөрүү тууралуу Бишкек шаардык мэрияга кат жолдогонун, бирок ага тартип коргоо органдары чалып тынчын алып жатканын куугунтук деп баалап жатат. Аталган башкармалыктын тогузунчу бөлүмүнүн өкүлүмүн деп тааныштырган Таалайбек атуу кызматкер аны эртең да келип кетүүгө чакырган. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы азырынча бул тууралуу комментарий бере элек. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG