Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:29

Ачкачылык акциясы уланууда


Саясий камактагыларды бошотуу талабы менен өтүп жаткан ачкачылык акциясы уланып жатат. Ушул тапта Бишкекте 11 киши, Алайда 10 киши ачкачылык кармап атышат. Булардын арасында саламаттыгына байланыштуу акцияны токтоткондору жана жаңыдан кошулгандары да бар. Бишкектеги акцияга бүгүн дагы үч киши кошулду.

Саясий камактагыларды бошотуу талабы менен 13-январда Бишкекте ачкачылык акциясы башталган. Кийинчерээк иш-чарага Алайдан И. Исаковдун тарапкерлери кошулган. 13-январдан бери ачкачылык кармаган адамдардын саны кыркка жетти.

Оштон укук коргоочулары, Акыйкатчынын өкүлдөрү эл Абдыкайым Кангелдиев, “Жаңы Кыргызстан” партиясынын өкүлдөрү нааразылык акциясына чыккан эл менен кошулуп, митинг Сопу-Коргондо убактылуу штаб болгон. 100дөй киши чогулган.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG