Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:15

Баткенде Исмаил Исаковду коргоо комитети түзүлдү


Бул тууралуу “Ата Мекен” социалистик партиясынын Баткен облустук бөлүмүнүн жетекчиси Бакир Имаров бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, партиянын облустук кеңешмеси өтүп, жыйында бир эле маселе каралган. Анда Баткен облусунда Исмайыл Исаковду коргоо комитети түзүлүп, төрагалыгына “Ата Мекен” социалистик партиясынын Баткен облустук бөлүмүнүн жетекчиси Бакир Имаров шайланды. Комитеттин мүчөлөрү облус боюнча жер-жерлерде коомчулукка Исмайыл Исаковдун саясий буюртма менен камалганын, ал кишинин таза экендигин түшүндүрүү жана бул окуя боюнча маалымат ала-албаган аймактарга жеткирүү тапшырмалары берилди. Ошондой эле Алайда жана Бишкекте ачкачылыкта отурган Исаковдун таламдаштарын колдоп, кайрат айткан кайрылуу жолдошту. (JsA)

XS
SM
MD
LG