Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:09

Чек ара чатагы боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат


Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Чолпонбек Турусбековдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, 17-январда Момбеков чек ара заставасында болгон окуя боюнча түзүлгөн комиссия ишин аяктады. Курамына Кыргызстандын чек ара кызматынан тышкары жергиликтүү бийлик өкүлү, мамлекеттик каттоо кызматкери, аскердик прокуратурасынын тергөөчүлөрү, милиция кызматкерлери кирген комиссия чатак Кыргызстандын аймагында болгонун аныктады. Ч. Турусбековдун айтуусунда, чатак болгон аймак талаш-тартыш аймактарга да кирбейт, так бөлүнгөн, өзбек тарапта тереңдиги 3, кеңдиги 2,5 метрлик аңдар казылып, казыктар кагылган. Окуя мына ошол аңдан бери Кыргызстандын аймагында болгон. Ч. Турусбековдун билдиргени боюнча, комиссиянын жыйынтыгы Өзбекстандын чек ара кызматына берилди, алар тараптан азырынча жооп боло элек.

Акыркы маалыматтар боюнча кыргыз-өзбек чек арасындагы чатакка байланыштуу бүгүн Кыргызстандын Чек ара кызматынын жетекчиси А. Жапаров менен Өзбекстандын чек ара кызматынын кол башчысы телефон аркылуу сүйлөшүп, талкуулады.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG