Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:55

Сопукоргондуктар өкмөттүк ММКны айыптап жатышат


Бүгүн Алайдын Сопу-Коргон айылында жүз элүүгө жакын адам чогулду. "Азаттыктын" Оштогу кабарчысы Алишер Токсонбаевдин маалымдашынча, алар Акыйкатчынын өкүлдөрү жана Оштогу бейөкмөт уюмдардын, партиялардын өкүлдөрү менен жолугушту. Анда мурунку коргоо министри Исмаил Исаковду тезинен боштондукка чыгаруу талаптары ишке ашпай жаткандыктан жакында жөө, атчан жүрүштөрдү башташаарын айтышты. Айылда азыр милиция кызматкерлери үй-үйлөрдү кыдырып, нааразылык акцияга чыккандарды коркутуп атканын, буга карата укук коргоочулардан чара көрүүнү суранышты. Өкмөттүк массалык маалымат каражаттары Сопу-Коргондогу акция тууралуу бурмалап маалымат таратып жатат же таптакыр эле бербей койууда деп айыпташты. Өкмөттүк ММК өкүлдөрүн Сопу-Коргонго келип нааразылык акция тууралуу жеринен маалымат алуу талабын койушту. Улуттук телерадио корпорациясынын өкүлдөрү нааразылык акциялар тууралуу маалыматтарды ачык-айкын чагылдырууга аракет көрүп жатышканын буга чейин "Азаттыкка" билдиришкен болчу. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG