Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:00

Ооган президенти коопсуздук боюнча чукул жыйын өткөрдү


Анда дүйшөмбүдө Кабулда болгон атышуу талкууга алынды. Кечээ бул жерде талиптер бомба жардырып, мамлекеттик имараттарды аткылашкан. Президенттин резиденциясынын жанында дээрлик беш саатка созулган атышууларда 12 адам өлдү, 70тей киши жаракат алды. Бүгүнкү жыйында Ооганстандын президенти Хамид Карзай коопсуздук күчтөрүн мыкты иши үчүн мактады. Кабулда азыр коопсуздук күчөтүлгөнү айтылууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG