Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:52

Жалалабаддык жарадар чек арачы Өзбекстанда дарыланууда


Обулустук бийлик өзбек чек арачыларынын огунан жарадар болгон Нурбек Орункуловдун Анжиян шаарында дарыланып жатканын билдирди. 17-январда кыргыз- өзбек чек арасында болгон окуяны Жалал-Абад аскер прокуратурасы изилдөөдө. Ноокен районундагы Момбеков айыл өкмөтүнүн аймагынан автоматтын окчонтоюу, атылган үч октун кабы табылды. Мурдагы күнү Ноокендеги Чек кыштагына куралы менен киргенин сураган сержантты өзбек чек арачылары ур-токмокко алган. Алар Н. Орункуловду кундак менен уруп, бутуна эки ирет атып жарадар кылгандан кийин өз жагына алып кетишкен. Кармашуу маалында эки тараптын башка жоокерлери да асманга эскертүү окторун чыгарган.

XS
SM
MD
LG