Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:36

Жалал-Абад облусунда кар туткунунда калгандар бошотулду


Чукул кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы Нарын – Казарман багытында Кара-Тоо ашуусу бүгүн таңга жуук ачылганын кабарлады. Ашуу 17- 18- январда түшкөн кар көчкүдөн улам жабылган . Натыйжада облустун Тогуз-Торо районундагы бул жолдо жүздөй жүргүнчү менен 20 автоунаа кар туткунунда калган. Чаткалда жүргөн көчкүдөн тоо чалгынчысынын буту сынган. Анын ден соолугуна геологиялык топтун дарыгери көз салууда. Район борборунан 150 чакырым турган Чандалаш тоосуна барып, тик учак менен геологду алып келүүгө аба ырайы мүмкүндүк бере элек. Тармак министри көчкүлөрдү атып түшүрүүнү изилдөө үчүн Ош- Бишкек жолунда жүрөт. (YA)

XS
SM
MD
LG