Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:28

Ат-Башыда 10 түтүн эл жарым жылдан бери электрсиз жашоодо


Ат-Башы районундагы Баш-Кайыңды айыл округуна караштуу Комплекс деп аталган кыштоодогулар июнь айынан бери электрсиз калышкан. Кыштактын айрым тургундарынын айтымдарында, трансформатордук подстанция күйүп кеткендиктен аны Балыкчы шаарына оңдоотууга алып кеткенден бери кайра кайтарылып келген эмес. Ат-Башы районунун акиминин биринчи орун басары Тимур Козубеков ал жердеги ТПны өздөрү күйгүзүп салгандыктарын, натыйжада 25 киловаттык үлгүдөгү ТПнын тетиктери табылбагандыктан анын 40 киловаттык үлгүдөгүсү коюлуп берилерин билдирди. Ал эми «Чыгыш электр» акционердик коомунун Нарын филиалынын өндүрүштүк кызматынын жетекчиси Эркин Насыров учурда андай ТПлар изделип жаткандыгын, ал эми мурункусу жараксыз болуп калгандыгын жооп кылды. (KUs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG