Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:44

Нарында төрт түлүк көбөйдү


2010-жылдын 1-январына карата мал жана үй канаттуулар эсеби алынып бүткөндүгүн облустук акимчиликтин бөлүм башчысы Нарынбек Карыбеков маалымдады. Өткөн жылдагыга караганда облуста ири мүйүздүү мал 3937, кой-эчки 80 049, жылкы 1188 башка көбөйгөн. Ал эми үй канаттуулар 8940ка арбыган. Же болбосо 128 929 уй, 854 910 кой-эчки, 89 925 жылкы катталган.Төрт түлүктүн көбөйүшү Ат-Башы районунда 103 пайыздан 119 пайызга чейин өссө, Нарын шаарында көрсөткүч 109 пайыздан 139 пайызга чейин жеткен. Бирок айрым айыл чарба тармагынын адистери мал саны так алынбаганын белгилешүүдө. Алардын баамында, малдын саны эсепке алынгандан дээрлик 35-40 пайызга көп. (KUs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG