Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:53

БУУ Гаитидеги коопсуздук күчтөрүнүн санын көбөйтөт


БУУнун Коопсуздук кеңеши Гаитиге 3 миң 500 кошумча жоокер жана полициячыны жиберүү сунушун бир добуштан колдоду. Жаңы резолюцияга ылайык, Гаитидеги миссия эми 9 миң аскерден жана 3 миң 700дөй полициячыдан куралмакчы. Алар тартипти камсыздоо жана гуманитардык жүктү кайтаруу иштерине тартылышат. Ал тапта Гаити өкмөтү жер титирөөдөн курман болгондордун саны 75 миң кишиге жеткенин маалымдады. АКШ, Европа биримдиги жана БУУнун расмий адамдары болсо бул сан 200 миң кишиге чейин өсүшү мүмкүн деп божомолдошот. Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун ушул аптанын ичинде гуманитардык жардам 1 миллиондой кишиге таратылат деп ишендирди. 25-январда Канадада Гаитиге жардам берүү боюнча донорлордун алдын-ала жыйыны өтмөкчү. 12-январда 7 баллдык зилзаладан жабыркаган өлкөдө бейбаштык, зомбулук, талап тоноочулук күч алууда.

XS
SM
MD
LG