Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:18

Исмаил Исаковдун кайрылуусу жарыяланды


Учурда камакта отурган мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков өзүнүн тарапкерлерине кайрылуу жолдогон. Аны бүгүн генералдын адвокаты Азимбек Бекназаров Бишкекте ачкачылык кармап отургандардын алдында окуду. Кайрылууда Исмаил Исаков өз тарапкерлерине ыраазычылык билдирип, бирок ачкачылык кармап ден-соолукка зыян келтирбестен акцияны токтотуусун өтүнгөн.

Ал эми оппозиция өкүлдөрү саясий акция токтобой турганын билдиришти. БЭКтин мүчөсү Топчубек Тургуналиев ачкачылык чарасы Исмаил Исаков баш болгон башка дагы саясий камакта отургандар бошотулганда гана токтоорун “Азаттыкка” айтты.

Мурдагы коргоо министри, оппозиция лидерлеринин бири Исмаил Исаков 11-январда "министрликке тиешелүү батирди уулуна берген" деген айып менен сегиз жылга эркинен ажыратылган. Исмаил Исаков болс ал батир ошондо эле башка бир офицерге өткөрүлүп берилгенин айтып, бул ишти саясий буюртма катары баалаган. (AiJu)

XS
SM
MD
LG