Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:17

Өнүктүрүү фонду өнөктөш катары “Азия Универсал Банкты” тандады


Бул аталган фонддун айылчарба товар өндүрүүчүлөрүн колдоо боюнча микрокредиттөөчү компанияны түзүү үчүн өнөктөш банкты аныктоо боюнча тендердик комиссиянын отурумунда аныкталды. Бул тууралуу президенттин катчылыгынын басма сөз кызматынан маалымдашты. Маалыматка ылайык, тендердик комиссия бүгүн “Азия Универсал Банк” жана “Кыргызстан” АКБсынан түшкөн эки арызды карады. Анда каржылык көрсөткүчтөрүнөн сырткары, коммерциялык банктардын айылчарба товар өндүрүүчүлөрүн микрокретдиттөөгө катышуу деңгээлине да баа берип, “Азия УниверсалБанк” эң көп баллга ээ болду. “Өнүктүрүү фондусу белгилеген критерийлерге ылайык келген төрт коммерциялык банкка тендерге катышууну сунуш кылып кат жиберди. Арыз берүү мөөнөтү бүтөөрдө төрт кат келип түштү. РСК жана “Айыл банк” себептерин түшүндүрүп, тендерге катышуудан баш тартышты”, - деди Өнүктүрүү фондусунун каржы директору Рифат Утюшев.

Аталаган фонддун Директорлор кеңешинин 2009-жылдын аягында өткөн отурумунда айыл жеринде фермердик жана дыйкан чарбаларын каржылоо менен шугулданган микрокредиттик компанияны түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган. Ага ылайык, уставдык капиталда белгилеген сумманын жарымын Өнүктүрүү фондусу, экинчи жарымын өнөктөш банк киргизүүгө тийиш. Ал эми 2009-жылдын 23-декабрында өнөктөш банкты издөө боюнча тендер жарыялаган. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG