Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:48

И.Исаковду коргоо боюнча Алайдын дагы башка айылдарында штаб түзүлөт


Бул тууралуу “Азаттыкка” И.Исаковду коргоо комитетинин мүчөсү Таалайбек Зикиров кабарлады. Анын айтымында, Алайдын Бүлөлү жана Аскалы айылдарынын тургундары да И.Исаковду коргоо боюнча штаб түзүү ниеттерин билдиришкен. “Жолдун алыстыгынан жана аба ырайынын сууктугунан Алайдын көп айылдарынын тургундары акцияга катыша албай жатышат. Алардын көбү өз айылдарында нааразылыгын билдирип жатышат”, - дейт Т. Зикиров. Ошондой эле мурдагы коргоо министри И.Исаковду абактан бошотууну талап кылган Сопу-Коргон айылынын тургундары бүгүн аталган айылдын айыл өкмөтүнө мөөнөтсүз митингин мыйзам чегинде уюштурууга ураксат сурап кат жазышкан. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG